«КЫРГЫЗТЕСТ»: СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРУУ

Бүгүн, 2022-жылдын 30-майында, Бишкек шаарынын ички иштер Башкы башкармалыгынын кызматкерлерине өздүк курамдын эртең мененки тизилүүсүндө «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу болуп өттү. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестинен ийгиликтүү өткөн Бишкек шаарынын ички иштер Башкы башкармалыгынын 25 кызматкерине тиешелүү деңгээлдеги сертификаттарды жана ошондой эле тестти уюштурууга кошкон салымы үчүн башкармалыктын жооптуу кызматкерине ыраазычылык катты тапшырды.

You may also like...