КЫРГЫЗТЕСТ Талаптары – Мамлекеттик тил мугалимдерине

Билим берүү жана илим министри Э. Сариева Улуттук тест жүргүзүү борборуна бардык билим берүү мекемелерине “Кыргыз тилин билүү деңгээлине КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча коюлган Талаптарды” акысыз таркатуу боюнча тапшырма берди.

Билим берүү министрлигинде Улуттук Программаны ишке ашыруу алкагында беш деңгээл боюнча иштелип чыккан Талаптардын биринчиси 3 тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылды. 2016-жылы калган деңгээлдер да 3 тилде басылып, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге таркатылмакчы.

Ошондой эле министр Э. Сариева, Бүткүл республикалык мугалимдер III съездинин жыйынтыгы боюнча 2016-жылда мамлекеттик тил боюнча мектеп бүтүрүүчүлөр өтө турган баамдоо тести жөнүндө Президент Атамбаев А.Ш. берген тапшырмасын эске салып, Улуттук тест жүргүзүү борборуна декарь-январь айларынын ичинде бардык жалпы билим берүүчү мекемелерди алдыда турган иштин шарттары жана талаптары менен тааныштыруу иштерин жүргүзүүнү табыштады.

Кыргыз тил мугалимдерине, китеп жана тест түзүүчүлөргө, усулчу-тестологдорго арналган Талаптар окуучуларды, студенттерди кыргыз тилден тиешелүү деңгээлде тест тапшырууга даярдоого да мүмкүнчүлүк бермекчи.

You may also like...