2018-жылдын 18-июну

Бүгүн, 2018-жылдын 18-июнунда бекитилген графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.
Адаттагыдай эле, мекеменин жетекчиси презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аларга ийгилик каалап, тестке узатты.
Жалпысынан бул мекемеден тестке 39 кызматкерлер катышты.
Тест тапшырган кызматкерлер тесттен кийин мекеменин ишин жогору баалап, ийгиликтерди каалап кетишти..
       

       

You may also like...