«Кыргызтесттин» көчмө (мобилдик) тобу – Кара-Балта шаарында

2018-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомун ишке ашыруу алкагында Чүй областынын Жайыл районунун администрациясынын  өтүнүч катынын негизинде «Кыргызтесттин» көчмө тобу алгачкы жолу баамдоо тестин  Кара-Балта шаарында мобилдик тартипте өткөрдү.

Тест эки нөөмөттө өттү. Биринчи нөөмөттө Жайыл районунун мекемелеринен жана уюмдарынан 33 кызматкер, ал эми экинчи нөөмөттө Кара-Балта шаарынын мэриясынын вице-мэри баш болгон 45 кызматкер «Кыргызтест» системасы менен таанышып,  көнүгүү тестинен өтүштү.

                 

«Кыргызтест» башкармалыгынын жетекчиси Б.Б Топоева-Ставинская система менен тааныштыруу презентациясын өткөрүп, суроолорго жооп берип жатты.

Катышуучулар «Кыргызтест» жамаатына каалоо-тилектерин айтышып, жакшы маанайда кайтышты.

                     

You may also like...