БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БИРИНЧИ МАЙ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК РАЙОНУНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ ЖЫЙЫН БОЛДУ

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская, «Кыргыз тили» гезитинин башкы редактору Керимов Дүйшөн, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Жолдошов Райым, орун басарлары жана аппарат кызматкерлери, түзүмдүк мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

          КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу” да кенен баяндама жасады.

You may also like...