КЫРГЫЗТЕСТ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА

2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевдин жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинскаянын Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында КР Россия Федерациясындагы элчиликтин расмий өкүлдөрү А. Омуркулова, Г. Байымбетова жана РФтеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Б. Бапанов менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин келечеги жана жалпы тил саясаты боюнча пикир алмашуу болду. Ал эми ушул эле күндүн экинчи жарымында төрага К. Осмоналиев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская Евразия экономикалык комиссиясында болуп, экономика департаментинин жетекчиси А. Омурбекова баштаган жамаат менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери көтөрүлдү жана кызматкерлер арасында «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести уюштурулду.
Кийинки жолугушуулар РУДНдин Орус тили институттун директору, профессор А.В. Должикова жана В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинде Москвадагы мекендештер арасында тыгыз пикир алмашуулар болуп өтүп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымдары үчүн бир нече инсандарга Улуттук тил комиссиясынын сыйлыктары тапшырылды.

You may also like...