«КЫРГЫЗТЕСТ»: МАЙ АЙЫНДАГЫ ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ

2022-жылдын 13-майынан 31-майына чейин «Кыргызтест» мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тестине КР Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, КР Тышкы иштер министрлигинин бош орундарга конкурсанттары, КР Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясынын, Биринчи май жана Свердлов администрациялык райондору боюнча  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, № 28, 30, 44 жалпы билим берүүчү мектептеринин жана Р. Шукурбеков атындагы № 38 мектеп-гимназиясынын мугалимдери болуп жалпысынан 411 адам катышты. Тест жыйынтыктары «Кыргызтест» мекемесинин сайтына коюлду.

You may also like...