КЫРГЫЗТЕСТ Ош жана Жалал-Абад областтарында

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын 2016-жылдын 10-мартындагы №283/1 “Жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн 2017-жылы мамлекеттик тил боюнча өтүүчү тестке даярдоо жөнүндөгү” буйругунун негизинде 2016-жылдын 28-29- апрелинде КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү Ош жана Жалал-Абад областтарына барып, жалпы билим берүү мекемелеринин мамлекеттик тил адистери жана областтык, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн практикалык семинар өткөрдү.

    
Иш чаранын негизги максаты “ Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө Улуттук программасынын” алкагында 2017-жылдан баштап жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик тил боюнча тапшыра турган тест тууралуу маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

    
Аталган жыйынга эки област боюнча жалпы жонунан 300 гө жакын адистер катышып, областтардын борбор шаарларына жана алыскы райондоруна “Кыргыз тилин билүү деңгээлдерине коюлган Талаптар” китеп жана диск түрүндө таркатылды.

Семинардын катышуучулары ой пикирлерин айтышып, КЫРГЫЗТЕСТтин ишине ийгилик каалашты.

You may also like...