КЫРГЫЗТЕСТтин стандартташтырылган компьютердик тести старт алды

2016-жылдын 17-20-май күндөрү Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин базасында Бишкек шаарынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мекемелеринин 10-классынын окуучуларынын мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести аркылуу аныктоо баамдоо ишке ашырылат.

    

Бул иш-чара 2017-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча милдеттүү түрдө тапшыра турган стандартташтырылган компьютердик тестке даярдыктын алкагында өтүлөт.
Анын максаты – жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларын аты аталган тест менен тааныштыруу. Ошондой эле, тесттин жыйынтыгына статистикалык анализ жүргүзүп, ага ылайык усулдук жана тажрыйбалык иштердин мерчемин иштеп чыгуу жана педагогдордун август кеңешмесинде кеңири жайылтуу.

    

Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган тапшырмалары мектеп программасынын чегинде түзүлүп, “Лексика. Грамматика”, “Окуу”, “Угуу”, “Жазуу”, “Сүйлөө” сыяктуу 5 субтесттен турат жана А1-В1 деңгээлдерине коюлган талаптарга жооп берет. Тесттин жүрүшүндө купуялык сакталып, катышуучулардын аты-жөнү жеке номерлер менен аныкталды.
Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести аркылуу баамдоо “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өтүүдө.

2016-жылдын 17-18-май күндөрү Кыргызтест түзүмүнүн окуучулар арасында жүргүзүлгөн стандартташтырылган компьютердик тести боюнча катышуучулардын, ата-энелердин, эксперттердин жана байкоочулардын айткан пикирлери:

You may also like...