КЫРГЫЗТЕСТ: 2024-ЖЫЛДЫН 12-16-ФЕВРАЛЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантууда. 2024-жылдын 12-16-февраль күндөрү «Кыргызтесттин» кеңсесинде  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкексвет” жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
Жалпы 342 кызматкер тест тапшырды.

You may also like...