Кыргызтест: Онлайн тесттер уланууда

2020-жылдын 24-сентябрынан 5-ноябрь аралыгында мамлекеттик тил боюнча тесттер онлайн тартибинде жүргүзүлүп, андан Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Австрия Республикасындагы, Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигиндеги, Украинадагы жана Швейцария Конфедерациясындагы Элчиликтердин кызматкерлери өттү.

Тестти ийгиликтүү тапшырган мамлекеттик кызматкерлер тийиштүү үлгүдөгү Сертификаттарга ээ болушту.

Тест жыйынтыктары адаттагыдай эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сайтына https://kyrgyztest.gov.kg жайгаштырылды.

Онлайн тесттер мындан ары да Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган графикте улантылмакчы.

 

Кошумча маалымат: Буга чейин билдирилгендей, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде онлайн-тестти биринчи болуп Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын дипмиссиясынын кызматкерлери тапшырган. Бул иш-чара 2020-жылдын 24-сентябрында өткөрүлүп, ал Мамлекеттик тил күнүн майрамдоого арналган.

You may also like...