ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНДА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнүн көйгөйлөрү. Укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилде иш жүргүзүү тажрыйбасы” деген аталыштагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы и/к генерал-майору А. Эгембердиев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары О. Сыдыков жана укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистери, ошондой эле ЖАКтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Кереге кеңешти кызматтын төрагасы генерал А.Эгембердиев ачып, эне тил күнүн белгилөөнүн бирден бир максаты – эне тилди коргоо, сактоо жана өнүктүрүү экендигине токтолду. “Кыргыз тилинин кылымдарга сакталып калуусу ушул жерде олтурган ар бирибизден көз каранды”- деди төрага. Тил – улуттун калыптанышына шарт түзүүчү, муун менен муунду байланыштыруучу, элдин маданий-тарыхый дөөлөтүн, баалуулугун, мурасын сактоочу жана өнүктүрүүчү курал, улуттук иденттүүлүктү аныктоочу белги.

Демек, улуттун тагдыры тилден көз каранды! Андыктан, ар бир кыргыз коому өз жашоо мезгилинде бабадан калган тилибизди сактап, өнүктүрүп, байытып кылымдык урпактарга узатуусу абзел экендигин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сектордун улук тескөөчүсү ЖАКтагы мамлекеттик тилдин абалы тууралуу баяндама жасап, андан кийин күн тартибинде каралган мамлекеттик тилде иш жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору, терминология маселелери жана кызматкерлердин сабаттуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кызуу талкуу жүрдү.

You may also like...