ОШ ЖАНА БИШКЕК ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Ош облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштады.

2024-жылдын 08 – 12-апрель күндөрү Ош облусу боюнча Ош шаарынын мэриясынын, Сулайман-Тоо, Алымбек-Датка, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Манас-Ата, Керме-Тоо муниципалдык башкармалыктарынын, Ош шаардык маданият башкармалыгынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин, “Ош шаардык жолдор”, “Ошсвет”, “Тазалык” жана “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 08 – 12-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын, А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун бүтүрүүчүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бош мамлекеттик административдик жана дипломатиялык кызмат орундарын ээлөөгө жарыялаган ачык сынактын катышуучуларынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрүлдү.

Аталган күндөрү Ош облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 415 кызматкер тест тапшырды.

Ош шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 26-апрелине чейин өткөрүлөт. Дареги: Насирдин Исанов көчөсү, 73а/1, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, 120-дарскана. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 700 117 119 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...