КЫРГЫЗТЕСТ: БАТКЕНДЕГИ ЖЫЙЫН

2023-жылдын 26-октябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамы тууралуу” маселелер каралган жыйын өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Топоева-Ставинская, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Тулаев баштаган жергиликтүү жетекчилер,билим берүү мекемелеринин, мекеме-уюмдардын жетекчилери, кадр жана иш кагаздар менен иштөө бөлүмдөрүнүн адистери, мугалимдер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында “Баткен облусундагы мамлекеттик тилдин абалы, иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери каралды.
Ошону менен бирге мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда, учур талабына шайкеш иш алып баруу жагы баса белгиленди.
Аны менен катар облус аймагындагы мамлекеттик атрибуттарды, учкул насаат сөздөр жазылган жарнак такталарын, улуу инсандардын сүрөтү түшүрүлгөн баннерлерди, жаңыдан аты өзгөртүлгөн айыл аймактардын аталыштарын мамлекеттик тилде, туура жазылуусуна өзгөчө маани берүү керектиги белгиленип өттү.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 2023-жылдын 20-сентябрынан 20-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу үч айлык жарыяланып, иш-чаралар өтүүдө.

You may also like...