КЫРГЫЗТЕСТ: БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 16-мартында «Балыкчы шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы» аталышындагы жыйын Балыкчы шаарынын мэриясында өттү.

       Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, Балыкчы шаарынын мамлекеттик администрациясынын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

       Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: Балыкчы шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы. «КР мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын долбоору, «КР жарнама жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы» тууралуу баяндама жасады. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши жана алдыдагы максаттары тууралуу «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская кеңири айтып берди.

       Ошондой эле бул күнү «Кыргызтест» мекемесинин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди өткөрүү иш-чарасы Балыкчы шаарынын мэриясында улантылды. Флешмобго шаардык мэриянын кызматкерлери, мектептердин мугалимдери менен окуучулары активдүү катышышты.

       Мындан тышкары, тестке катышкандар «Кыргызтесттин» Мобилдик тиркемеси боюнча маалыматтарды сурап, телефондоруна жүктөп кетип жатышты.

You may also like...