Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган үч айлыктын расмий ачылышы

       Бүгүн, 2021-жылдын 21-июлунда, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган үч айлыктын расмий ачылышы өттү. Бул күнү аталган иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Президент администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын, ошондой эле коомдук бирикмелердин жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

       Белгиленген үч айлыктын алкагында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу «Кыргызтест» системасына жаңы тест программасы киргизилген.

       Мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинская презентациянын жүрүшүндө «Кыргызтест» мекемесинин түзүлгөндөн бери мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын учкай белгилеп өтүп, тест системасына  киргизилген жаңы тест программасы менен тааныштырды. Мындан тышкары Б.Б. Топоева-Ставинская мындан ары тест тапшыруучулардын оозеки жана жазуу иштеринин жоопторун баалоодо талаптар күчөтүлөрүн билдирди.

         Келген конокторго «Кыргызтест» системасынын жаңы программасы боюнча мини-тесттен өтүү сунушталды. Иш-чаранын аягында коноктор жаңы программа боюнча өз пикирлери менен бөлүшүшүп, анын артыкчылыктарын жана ыңгайлуулугун белгилешти.

You may also like...