«КЫРГЫЗТЕСТ»: МЕКЕНДЕШТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

2022-жылдын 3-4-август күндөрү Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен жолугуусунда белгиленген иштери боюнча пикир алышуулар «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде улантылды.

Атап айтканда, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан коомдук башталыштагы төраганын кеңешчилери катары күбөлүк алган биздин демилгелүү мекендештерибиз менен мындан ары чет өлкөлөрдө жашаган жарандарыбыздын тилди билүү деңгээлин жогорулатуу жана алардын «Кыргызтест» системасы аркылуу онлайн тестке катышуу жолдору каралды.

Ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрь күнү «Мен барда тилим жоголбойт» аттуу акциясын дүйнө жүзүндө өткөрүү демилгеси кызыгуу менен кабыл алынды.

Урматтуу биздин kyrgyztest.gov.kg сайтыбыздын колдонуучулары! Сиздерден бул акцияны жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлериңиздерди күтөбүз.

You may also like...