«КЫРГЫЗТЕСТ»: ДЕПОЗИТТЕРДИ КОРГОО БОЮНЧА АГЕНТТИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

2024-жылдын 20-февралында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин кызматкерлерине С1, В2 деңгээлиндеги сертификаттарды тапшырды. Иш-чара Агенттиктиктин конок үйүндө Директорлор Кеңешинин төрайымы Роза Корчубековна Акназарова, , Агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуевдин жана кызматкерлердин катышуусунда өттү.

Салтанаттуу иш-чараны К.Дж. Букуев куттуктоо сөзү менен ачып, Агенттиктин ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди.

Б.Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификаттарды тапшыруу  аземин Агенттиктин аткаруучу директору К.Дж. Букуевге С1 деңгээлиндеги сертификатын тапшыруудан баштап, Агенттиктин Директорлор кеңешинин төрайымы Р.К. Акназарованын, Агенттиктин Аткаруучу органынын дарегине конституциялык макамга ээ болгон кыргыз тилине жасап жаткан мамилеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге, Агенттиктин аткаруучу директору менен кызматкерлеринин жогорку упайдагы С1 жана В2 сертификаттарын ээ болгонун ийгилик катары баса белгилеп кетти.

Өз кезегинде, Р.Акназарова «Кыргызтесттин» директору Б.Б. Топоева-Ставинскаяга Агенттиктин “Ыраазычылык катын” тапшыруу менен мамлекеттик тилдин бүгүнкү Кыргызстандагы жүрүшү өзөктүү болуш керек экендигин баса белгиледи.

You may also like...