КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ – КЫРГЫЗТЕСТТЕ

          2024-жылдын 06-февралы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси үчүн эстен кеткис тарыхый күнгө айланды.

          Атап айтсак, өз элине, эне тилине чын дилинен кызмат кылган элибиздин уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин депутаты Ж.К. Акаев, Бишкек шаарынын мэри А.Д. Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы О.Э. Капалбаев жана Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин коштоосунда келип мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу ыйгарым укуктуу мекеменин – «Кыргызтесттин» иши менен жеринде таанышып,  мекемеге 12 компьютер жана 1 сервер тартуулап, анын материалдык-техникалык базасын чыңдап берип кетти.

          Жолугушуунун жүрүшүндө алгач Төрага мекеменин орун-жайы жана  тест өтүүчү компьютердик класстардын абалын көрүп чыкты. Иш-чара мекеменин конференц-залында улантылып, мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтесттин» аткарган иши жана учурдагы көйгөйлөрү боюнча маалымат берди.

          Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев кошумча маалымат катары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн Бишкекте гана эмес бардык региондордо жүргүзөрүн жана жол жүрүүдө унаанын эскилигинен көйгөйлөр жаралып жаткандыгын белгиледи.

          Өз сөзүндө Төрага Н.Т. Шакиев эмгек маянанын аздыгына карабай иштеп жаткан кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, 2023-жылдын 17-июлундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” №140 конституциялык Мыйзамдын кабыл алынышы менен жоопкерчилик мындан да жогорулай тургандыгына басым жасады. «Кыргызтесттин» тесттери  өлкөбүздүн бардык аймактарында, көчмө топто эффективдүү жүргүзүлүүсү үчүн бир микроавтобус да белекке берилерин билдирди.

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жамааты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбековичке жыш иш графигинен убакыт таап, атайын көңүл буруп келгендиги үчүн  терең ыраазычылык билдирет!

You may also like...