“КЫРГЫЗТЕСТ” ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ

 
Бүгүн, 7-октябрда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тест  уюштурду.
Алгач Төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты.
Негизги мыйзам чыгаруу органында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин айткан Төрага: “Өткөн жылы депутаттар конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алганбыз. Андыктан, аталган мыйзамдын талаптарын бекем сактап, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишинде кыргыз тилин кеңири колдонушубуз керек. Бул үчүн кызматкерлер мамлекеттик тилди толук билиши зарыл”, – деди.
Муну менен катар өнүккөн технологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алып, тестирлөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу зарылчылыгына токтолгон Төрага өзү да тест тапшырып, С1 деңгээлиндеги тесттен эң жогорку балл алды.
Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев жыл башында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине келип, заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди белек кылган.
Андагы жолугушууда аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылган. Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе да маанилүү экенин белгилеп, көп өтпөй “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырган.

You may also like...