ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ САПАРЫ

          2023-жылдын 29-ноябрь-2-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору С. Байгуттиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Топоева-Ставинская Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Тил саясаты боюнча комитети Республикалык терминология комиссиясында тажрыйба алмашуу сапарында болушту.

          29-ноябрда МТСУК өкүлдөрүн аэропорттон Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Тил  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абзалбек Габит жана Тил саясаты боюнча комитетинин жетекчиси Жакенов Талгат тосуп алышты.

          30-ноябрь күнү  Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Тил  саясаты боюнча комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу менен башталып, андан ары маданий программанын негизинде Байтерек монументине, Казакстан Республикасынын улуттук академиялык китепканасында, Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде, Жазуу тарыхы музейинде болушту.

          1-декабрда Казакстан Республикалык терминология комиссиясынын жыйынына катышып, Ш.Шаяхметов атындагы «Тил-Казына» улуттук академиясынын практикалык борборунун ишмердүүлүгү жана IT долбоорлору менен таанышышты. Ушул эле күнү Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борбору КАЗТЕСТке барышты. КАЗТЕСТ директору Р.Т.Емелбаев тосуп алып, борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Жолугушууда директордун орун басары Н.А. Дидарбекова КАЗТЕСТ системасы тууралуу, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтест» системасы тууралуу кеңири баяндама жасап, суроо-жооп, талкуулар орун алды. Тараптар кызматташуусунун келечектеги пландары, аларды ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.

          Буга чейин 24-ноябрь күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун ортосунда аткарылган жигердүү иштин жыйынтыгында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.           Тажрыйба алмашуу сапары Казакстан Республикасынын Улуттук тарых музейине болгон экскурсия менен жыйынтыкталды.

          Казакстан Республикасына болгон иш сапар жемиштүү болуп, тыгыз кызматташуу кадамдарына жол ачты.

You may also like...