КЫРГЫЗТЕСТ: КАРА-БАЛТА ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 29-мартында «Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин абалы» аталышындагы жыйын саат 15:00дон баштап Кара-Балта шаарында улантылды.

       Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Г.А. Кыштообаева, Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.А. Алияскаров, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.К. Түркбаев, Кара-Балта шаарынын мэри М.Р. Жекшенов, Кайыңды шаарынын мэри Э.Н. Жумабаев, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

       Иш-чарада аталган аймактын жетекчилери мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү тууралуу маалыматтарын беришти.

       Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: Кара-Балта шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы. «КР мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын долбоору, «Жарнама жөнүндө» КР мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу баяндама жасады. «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду тууралуу айтып берди.

       Ошондой эле бул күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Панфилов районунун К. Сулайманова атындагы мектеп-гимназиясында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду. Флешмобго Кайыңды шаарынын мэриясынын, Жайыл, Панфилов райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, мектеп директорлору, мугалимдери активдүү катышып, жалпысынан 70 адам чакан тесттен өттү.

You may also like...