КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА «МАНАС» ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНДАГЫ ФЛЕШМОБ

Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган бир айлык иш-чаралардын алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси бүгүн, 2022-жылдын 16-сентябрында саат 11:00дон 16:00го чейин «Манас» эл аралык аэропортунда флешмоб өткөрдү.

Жеке каалоосу менен учуп келген жана уча турган жүргүнчүлөр жана аэропорттун ар түрдүү түзүмдөрүнүн кызматкерлери «Кыргызтест» системасынын А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баамдоо тестине кызыгуу менен катышышты. Чакан тест «Лексика. Грамматика», «Окуу» жана «Угуу» субтесттери боюнча жүргүзүлүп, жалпысынан 80ге жакын адам тестке катышты. Тесттин катышуучуларына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин белектери тапшырылды.

«Манас» эл аралык аэропортунун жамааты иш-чараны уюштурууда да, жүрүшүндө да, ишти так, оперативдүү аткарышып, флешмобду жогорку деңгээлде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү менен бекем жоопкерчиликти көрсөтүштү. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилигине жана жамаатына терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү жаатында кызматташууну көздөйт.

You may also like...