2015-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын мериясынын башкармалыктарынын жана мекемелеринин кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д. Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы № 21-20499-тапшырмасы боюнча бекитилген графикке жараша үстүбүздөгү жылдын май-июль айларында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин арасында КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагын жүргүзөт.

   

   

Бүгүн, 25- декабрда, КЫРГЫЗТЕСТтин көнүгүү сынагынан Бишкек шаарынын мериясынын башкармалыктарынын жана мекемелеринин 12 кызматкери өтүштү. Тесттин жыйынтыгы биздин сайтка, бүгүн саат 18:00дө жайгаштырылат.

You may also like...