«КЫРГЫЗТЕСТ»: КЫЗМАТТАШУУНУН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ

2021-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Москва шаарында Билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча Евразиялык Ассоциация (ЕАОКО) Москва шаардык педагогикалык  университети,  НИУ ВШЭ билим берүү Институтунун катышуусунда жана Дүйнөлүк банк тарабынан Россияда  ишке ашырылып жаткан “Russia Education Aid for Development” программасынын колдоосу менен кезектеги эл аралык онунчу конференция өткөрдү. 

Бул конференцияга ЕАОКО Ассоциациясынын Президенти, НИУ ВШЭ билим берүү Инситутунун билим берүү сапатына мониторинг жүргүзүү Борборунун илимий жетекчиси, РАО академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Виктор Александрович Болотов, Ассоциация Башкармалыгынын мүчөсү, “eNANO” АНОнун генералдык директору, педагогика илимдеринин кандидаты Игорь Александрович Вальдман, Педагогикалык изилдөөлөрдүн Федералдык институтунун директору Оксана Александровна Решетникова, ошондой эле Россия Федерациясынын аймактарынан, Беларусь, Казакстан, Азербайджан, Тажикстан, Сербия Республикаларынан жана Кыргыз Республикасынан келген өкүлдөр катышышты.

  Кыргыз Республикасынын атынан РФ Президентинин алдындагы РАНХиГСтин магистри, «Кыргызтест» системасынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская катышты. 

ЕАОКО-2021 конференциясы аралаш форматта (онлайн + офлайн) өттү. http://www.youtube.com/watch?v=P2FJRp_DTFE

ЕАОКО конференциясынын алкагында төмөнкү багыттар каралды:

  • «Постсоветтик мейкиндикте борборлоштурулган экзамендердин 10 жылдыгы»;
  • «Улуттук жана эл аралык мониторингдер: уюштуруу жана натыйжаларды пайдалануу өзгөчөлүктөрү».

Кошумча тематикалык багыттардын (тегерек столдор, секциялар) алкагында төмөнкү тематикалык багыттар боюнча докладдар угулду:

  • «Жумшак көндүмдөрдү баалоо»;
  • «Билим берүүнүн сапатын баалоо процедураларынын алкагындагы прокторинг»;
  • «Билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча өлкөлөр аралык долбоорлор жана программалар: мисалдар жана өзгөчөлүктөр».

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Топоева-Ставинскаянын улуттук «Кыргызтест» системасы боюнча орус тилин расмий тил катары билүү деңгээлин баалоо (ТРКО) тесттери жана тест жүргүзүү боюнча автордук «TS Testing program» компьютердик программасы тууралуу жасаган баяндамасы конференциянын катышуучулары тарабынан жогору бааланды. Ошондой эле катышуучулар постсоветтик мейкиндикте толугу менен тестти санариптик форматта  жүргүзгөн жалгыз өлкө Кыргыз Республикасы экендигин жана бул тестти Бишкекте, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү башка тест борборлорунда да онлайн тартибинде тапшырууга мүмкүн экендигин артыкчылык катары белгилешти.

Конференциянын жүрүшүндө жана чет өлкөлүк улуттук тест жүргүзүү борборлорунун өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу процессинде билим берүүнүн сапатын объективдүү баалоо жана улуттук тест системаларын өнүктүрүү жаатында биргелешкен иш-чаралардын пландары белгиленди.

Ассоциациянын Президенти, профессор В. Болотов жана “eNANO” АНОнун генералдык директору И. Вальдман Б. Топоева-Ставинскаянын тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча улуттук «Кыргызтест» системасын түптөө менен аны өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалашты.

ЕАОКОнун X конференциясынын материалдары

You may also like...