Нарын облусу 2018-жылдын 12-27-сентябрь

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 Токтомун ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 12-27-сентябрь күндөрү Нарын облусунун жалпы 5 районунун 130 мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинен 1289 кызматкер тестке катышып, 5 субтест боюнча бардык тапшырмаларды аткарышты. Тест процесси On-line системасы аркылуу түз көрсөтүлүп жатты.
Аймактын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызтесттин көчмө тобунун тестке бардык шарттарды камсыздоо менен ишти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдирип жатышты.
Учурда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу өз ишин андан ары улантуу максатында Талас облусуна жол тартты.

You may also like...