КЫРГЫЗТЕСТ: 2023-ЖЫЛДЫН 19-30-ИЮНУНДАГЫ ТЕСТТЕР

       2023-жылдын 1930-июнь күндөрү бекитилген графикке ылайык Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жана №6,7,8,9,10,11 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин, Сокулук финансы башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

Жалпысынан 245  адам тест тапшырышты.

You may also like...