«КЫРГЫЗТЕСТ»: ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

Бүгүн, 2022-жылдын 22-июнунда, «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын Ош шаарында улантылды.

Бул жыйында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д. Жаныкулов, Ош шаарынын вице-мэри В. Рыскулова өз баяндамаларын жасашты.

Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду тууралуу  айтып берди.

Андан соң жыйындын катышуучулары мэриянын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, коомдук ишмерлер, жаштар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге күн тартибин талкуулоону улантышты.

Иш-чараны КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары                  Д. Жаныкулов жыйынтыктады.

You may also like...