КЫРГЫЗТЕСТ: 2024-ЖЫЛДЫН 20-24-МАЙЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Жалал-Абад шаарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын жана каалоочулардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү улантууда. 2024-жылдын 20-24 – май күндөрү Жалал-Абад облусу боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Чаткал, Кара-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана айыл өкмөттөрүнүн, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Социалдык фонд, Агрардык өнүктүрүү, Финансы, Ветеринардык жана Статистика райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

       «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 20-24 – май күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

       Аталган күндөрү Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 639 кызматкер тест тапшырды.

       Жалал-Абад шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 30-майына чейин өткөрүлөт.  Дареги: Түмөнбай Байзаков көчөсү, 25а, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Педагогика корпусу, Илимий китепкана.

      Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 770 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...

casino siteleriDeneme BonuslarOnwincasibom girişcasino sitelericasibomcasibom girişholiganbetjojobet güncelholiganbet girişcasibom sitesicasibom girişcasibom 7/24 girişONWİNbets10 girişpusulabet giriş