КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ФЛЕШМОБДОР УЮШТУРУЛДУ

       Бүгүн, 2024-жылдын 23-сентябрында «Кыргызтест» мекемеси Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата «Бишкек Парк» соода борборунда саат 11:00дон 17:00го чейин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча флешмоб (чакан тест) өткөрдү. Катышуучулар «Лексика. Грамматика», «Окуу» жана «Угуу» субтесттери боюнча 40 мүнөткө ылайыкталган чакан тестти аткарышып, өз деңгээлдерин аныктоо менен улуттук «Кыргызтест» системасы менен таанышып да, кеңири маалымат алып да жатышты.

       Ошондой эле Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты. Ал «Кыргызтест» системасы боюнча жана мекеменин аткарып жаткан милдеттери жана ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берди. Иш-чаранын аягында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын окутуучулары жана студенттери арасында флешмоб өткөрүлдү.

       Тесттин катышуучуларына «Кыргызтесттин» белектери тапшырылды. Мамлекеттик тил күнүнө арналган флешмобдорго жалпысынан 139 адам катышты.

       Мындан тышкары, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин колдонмолорунун көргөзмөсү уюштурулду.

You may also like...