КЫРГЫЗТЕСТ: 2022-ЖЫЛДЫН 19–23-ДЕКАБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2022-жылдын 19-декабрынан 24-декабрына чейин Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн тест уюштурду. Мобилдик тестке Каракол шаарынын мэриясынын, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, КР ӨКМ Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Ошондой эле бул күндөрү Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну каалаган чет элдиктердин арасында тилди билүү деңгээлин аныктоочу тесттер өткөрүлдү.

Тестке катышкандардын жалпы саны 365 адамды түздү.

You may also like...