by Админ · 27.08.2019
2019-жылдын 15-августунда, «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды жүзөгө ашыруу пландары боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьерминистри А.С. Өмүрбекова тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маалыматтар берилди.
Аталган маалымат жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, спорт жана маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.У. Саралаева ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле республикалык «Кыргыз тили» коомунун өкүлдөрү катышышты.
30 жылдын аралыгында аткарылган иштер, мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана келечеги боюнча баяндамалар жасалып, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жаатындагы сунуштар айтылды.
15.03.2018
Көңүл буруңуздар!
«Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин болот.
Тест алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт.
Тест акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт (КР 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесинин 1, 2-пункттарынан тышкары)
Төлөмдү төлөө жолдору:
Компьютердик класстагы орундар чектелүү болгондуктан, тестке алдын ала жазылып, графикти макулдашып келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон номурлары:
☎ +996 555 000 661
☎ 0 312 886 917
✅ Администрация
ТЕСТ АКЫСЫ
Алуучу:
«Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси
Алуучунун банкы:
КР борбордук казыналыгы
Төлөм коду:
14235400
Төлөмдүн багыты:
Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм
Эсептешүү эсеби:
4402031102003679
БИК:
440001
Баасы:
450 сом
Бир субтестти кайра тапшыруу баасы:
90 сом
2014-жылдан бери тестке катышкандардын саны
2014-2017-жж. – 10000 адам
2018-ж. – 19319 адам
2019-ж. – 18039 адам
2020-ж. – 5860 адам
2021-ж. – 6220 адам
2022-жылдын 1-жарым жылдыгында – 2872 адам