“КЫРГЫЗТЕСТ” мамлекеттик кызматчылар арасында биринчи сынак өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 1-июлундагы №155 Жарлыгында, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасында каралган иш-чараларды ырааты менен, көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруунун үстүндө.

Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында КЫРГЫЗТЕСТ системасы Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык кызматкерлеринин арасында кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо системасы менен тааныштыруу семинарын өткөрдү. Семинарга 48 адам катышты. Семинардан кийин 20 адам КЫРГЫЗТЕСТтин компьютердик тестинен өттү.

Тесттен өтүү 2 тапта жүргүзүлдү:

Тесттин биринчи табында катышуучулар Өзүн өзү баалоо баракчалары аркылуу кыргыз тилин билүү деӊгээлдерин аныкташты жана аларга купуялыкты сактоо үчүн идентификациялык коддор ыйгарылды.

Тесттин экинчи табында алар компьютердик тестке киришти. Тестке берилген убакыт регламенттин чегинде жүрүп, өз убагында бүттү.

Тесттин катышуучуларынын кыргыз тилин билүү деӊгээли беш субтест (лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу жана сүйлөө) аркылуу текшерилди.

Компьютердик көнүгүү тесттин жыйынтыктары тест тапшыруучуларга дароо берилди. Ал эми жазуу жана сүйлөө субтесттери атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин берилет.

КЫРГЫЗТЕСТ системасы өткөрүлгөн иш-чарага катышуучуларды уюштуруп берүү демилгеси үчүн Бишкек шаардык мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө чоң ыраазычылык билдирет.

You may also like...