«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА

«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – БАТКЕН ОБЛАСТЫНДА               

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомун аткаруу максатында 2018-жылы башталган тестти 2019-жылдын графигине ылайык 13–25-майга чейин Баткен шаарында улантты. Мында Баткен областына караштуу ар бир райондун мамлекеттик мекемесинен 776 кызматкер катышты.

           Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 токтомунун алкагында Баткен областына караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин 706 бүтүрүүчүсү тест тапшырышты. Тест процесси он-лайн режиминде түз көрсөтүлүп жатты.

            Ал эми 22-май күнү 2018-жылдын тест жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган кызматкерлерге сертификаттар расмий ыйгарылды.    

You may also like...