БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышууну каалаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан мобилдик тестти 2023-жылдын 22-октябрына чейин узартты.
Аталган тест Исанов көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы корпусундагы Электрондук китепканасында өткөрүлүүдө.
2023-жылдын 9-14-октябрь күндөрү Ош облусу боюнча Чоң-Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Араван райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары тест тапшырышты.
«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2023-жылдын 9-13-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, малымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
Аталган күндөрү Ош облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 604 адам тест тапшырды.

You may also like...