«КЫРГЫЗТЕСТ» КМШ ЭЛ АРАЛЫК ПАРЛАМЕНТТИК ФОРУМУНДА

       2023-жылдын 15-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында орус тилинин улуттар аралык тил жылына арналган «Пушкин окуулары» КМШ Эл аралык парламенттик форуму болуп өттү.

       Аталган форумга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу «Кыргызтест», ошондой эле орус тилин расмий тил катары баалоочу деңгээлдик ТРКО (Тест по русскому языку как официальному) системаларынын түптөөчүсү, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты.

You may also like...