БАКУ-ШУША ФОРУМУ. 2022-ЖЫЛДЫН 21-ДЕКАБРЫ

Диаспора маселелери боюнча мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин Баку-Шуша форумунун кыргызстандык катышуучулары эртең менен Гейдар Алиев аэропортунан Физули шаарына учуп барышып, андан Шуша шаарында каралган иш-чараларга катышышты. Тактап айтканда, саат 11:30дан 13:00го чейин оңдоп-түзөө жана реконструкция иштери жүрүп жаткан Шуша шаары менен таанышышты.

Кыргызстан делегациясынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев Азербайжан мамлекетинин жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди.

Ушул эле күндүн экинчи жарымында Баку-Шуша форуму Шуша шаарында улантылды. Форумда кабыл алынып жаткан биргелешкен документ талкууланып, мындан ары тыгыз кызматташуу жолдору белгиленди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү өз көз караштарын билдирип, сөз сүйлөштү.

Форумга катышкан бардык түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти жана андан кийин диаспора иштерине жооп берген мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин Баку-Шуша форумунун катышуучуларынын көз карашы чагылдырылган декларация кабыл алынды.

Ошентип, Баку-Шуша форумунун экинчи күнү ийгиликтүү жыйынтыкталды.

You may also like...