Жаңы программа боюнча тест жүргүзүү улантылууда

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2021-жылдын IV кварталына карата жаңы программа боюнча шаардык мэриянын, Чүй облусунун райондук администрацияларынын, бажы жана салык кызматтарынын, ИИМ жана башка министрликтердин, республиканын жалпы билим берүү мекемелеринин жана башка ведомстволорунун кызматкерлери, жалпысынан 1584 адам тест тапшырышты.

Тест тапшыруучулардын басымдуу бөлүгү жаңы программанын ыңгайлуулугун жана «Угуу» субтестине видеотапшырмалардын киргизилишин улуттук тест жүргүзүүдөгү артыкчылыктуу багыт катары белгилешүүдө.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишин мындан ары да жакшыртууга түрткү бере турган бардык ой-пикирлер үчүн тест тапшыруучуларга терең ыраазычылык билдирет.

You may also like...