«КЫРГЫЗТЕСТ»: 2023-ЖЫЛДЫН 11-15-ДЕКАБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Нарын облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тестти улантууда.

2023-жылдын 11-15-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Пробация бөлүмүнүн (Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондору), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Нарын шаардык жана Нарын, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы райондук ӨК башкармалыктарынын кызматкерлери жана С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин аспиранттары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшырышты.

          Ал эми Кыргызтесттин Бишкек шаарындагы кеңсесинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун, «Бишкек» ЭЭАнын кызматкерлери (СЭЗ) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрүлдү.

          Аталган күндөрү Нарын облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 490 адам тест тапшырды.

You may also like...