«Кыргызтесттин» көчмө (мобилдик) тобу – Жогорку сотто

2018-жылдын 3-апрелинде «Кыргызтесттин» көчмө тобу өз жабдыктары жана компьютерлери  менен КР Жогорку сотуна барып, жеринде бул жамаатты тест системасы менен тааныштырып, тест жүргүзүп келди.  Жогорку соттун кызматкерлери  5 субтест боюнча («Лексика-Грамматика», «Окуу», «Угуу», «Сүйлөө» «Жазуу») көнүгүү тестинен өтүшүп, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

  

Жалпысынан тестке 54 кызматкер катышты.

Бул иш-чара милдеттүү түрдө өтүлүүчү тестке даярдык катары жүргүзүлдү.

You may also like...