КЫРГЫЗТЕСТ: КӨЧМӨ ТОП ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА

       2023-жылдын 11-майынан баштап «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Жалал-Абад облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштады. 11-13-май күндөрү Жалал-Абад шаардык статистика бөлүмүнүн, Жүргүнчүлөр транспортторунун агентствосунун, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин, Жалал-Абад шаардык маданият сарайынын, Капиталдык курулуш департаментинин жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

       Ал эми Бишкек шаарында бекитилген графикке ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн адамдар тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышышты.

Жалпысынан 160 адам тест тапшырышты.

Кошумча маалымат: Жалал-Абад облусу боюнча тест жүргүзүү 2023-жылдын 19-майына чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин китепканасында өткөрүлөт.

You may also like...