Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын жыйыны өттү

2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында кеңешме органдын жыйыны болуп өттү. Жыйынга кеңешме органдын мүчөсү катары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты.

Аталган жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди жана комиссиянын кеңешме курамынын иш тартиби тууралуу жобо талкууланды. 

Мындан тышкары «Улуттук тил корпусу», Ономастикалык комиссия, Энциклопедиялык редакциянын иши, терминдерди бекитүү шарттары жана орток түрк алфавити тууралуу маалыматтар айтылып, кенен талкуу болду.

You may also like...