Кыргызтест: Ноябрь айы

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А. С. Өмүрбекованын 2018-жылдын 18-октябрындагы №21-38054 тапшырмасы боюнча “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына жана ошондой эле Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүдөтүүнүн Улуттук программасына ылайык түрдүү себептер менен өз учурунда тест тапшырууга катыша албай калган кызматкерлер үчүн 2018-жылдын 1-30-ноябрында тест жүргүзүлүп, жыйынтыктары сайтка чыгарылып турду. Ошондой эле тест процесси толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп жатты.

Тестке катышуучулар өз каалоо-тилектерин, ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

 

You may also like...