«КЫРГЫЗТЕСТ»: НАРЫН ШААРЫНДЫГЫ ЖЫЙЫН

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы боюнча иштер улантылууда. Бүгүн, 2022-жылдын 5-июлунда, «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын Нарын шаарында өттү.

Аталган жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э. Сыдыкова куттуктоо сөзү менен ачты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев «Нарын облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темада баяндама жасады. «Улутсофт» компаниясынын жетекчиси М.Океновдун баяндамасы «Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил» деген темада болду.

Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин түптөлүшү, жүргүзгөн иши жана алдыдыгы максаттары тууралуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская кеңири баяндама жасады. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен кыска мөөнөттүн ичинде биргеликте жүргүзгөн иштеринин натыйжасында КР Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бектилген «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө» Жобонун жана КР Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы №12 Жарлыгы менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө» Жобонун мамлекеттик тилге тиешелүү бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жетишилгендиги белгиленди.

Ошондой эле бул жыйынга Нарын шаарынын мэри К. Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А. Молдосалиев катышышты.

Баяндамачылар жыйынга катышкандардын суроолоруна жооп беришкенден кийин жумушчу топ Нарын облусундагы мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн кароону улантышты.

You may also like...