Алай районунун жалпы 29 мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен 276 кызматкер келип, бардык деңгээлдердин 5 субтести боюнча тест тапшырмаларын аткарып кетишти. Тест процесси On-line системасы аркылуу түз көрсөтүлдү.
«Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин болот.
Тест алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт.
➽ Биринчи нөөмөткө каттоо саат 9:00до башталат
➽ Экинчи нөөмөткө каттоо саат 13:30да башталат
Тест акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт (КР 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесинин 1, 2-пункттарынан тышкары)
Төлөмдү төлөө жолдору:
● каалаган банктын бөлүмүндө;
● «О! Деньги» тиркемеси жана «RSK24» мобилдик тиркемеси аркылуу;
● MegaPay электрондук капчыгы аркылуу.
Компьютердик класстагы орундар чектелүү болгондуктан, тестке алдын ала жазылып, графикти макулдашып келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон номурлары:
☎ +996 555 000 661
☎ 0 312 886 917
✅ Администрация
ТЕСТ АКЫСЫ Алуучу: «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси Алуучунун банкы: КР борбордук казыналыгы Төлөм коду: 14235400 Төлөмдүн багыты: Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм Эсептешүү эсеби: 4402031102003679 БИК: 440001 Баасы: 450 сом Бир субтестти кайра тапшыруу баасы: 90 сом