«ЖАЗУУ» СУБТЕСТИ: ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО БАРАКЧАСЫ
№ | С1 | В2 | В1 | А2 | А1 | |
20. | Кызматыма байланыштуу доклад, расмий маалымдама, кызматтык кат түзө алам жана илимий ишке рецензия жаза алам. | |||||
19. | Жыйын, кеңешме, отурумдарда актуалдуу темалар боюнча аргумент, далилдөө келтирүү аркылуу сунуштама жаза алам. | |||||
18. | Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарып, ырааттуу баяндама жаза алам. | |||||
17. | Расмий жыйындардын протоколун түзө алам. | |||||
16. | Окуянын себебин, шартын, кырдаалын, натыйжасын чагылдырып, чакан макала жаза алам. | |||||
15. | Өз тажрыйбам жана таасир калтырган нерселер жөнүндө далилдөөлөрдү келтирип, кыскача баяндама жаза алам. |
|||||
14. | Өмүр баянымды толук жаза алам. | |||||
13. | Тиешелүү суроолор боюнча мамлекеттик мекемелерге кат аркылуу кайрыла алам. | |||||
12. | Көргөн фильм, окуган китептин сюжетин жөнөкөй сөздөр менен кыскача жаза алам. | |||||
11. | Күнүмдүк-тиричиликтик чөйрөгө байланыштуу кулактандыруу жаза алам. | |||||
10. | Кесиптик, расмий-иштиктүү терминдерди колдонуп, жөнөкөй иш кагаздарын жана кыска резюме жаза алам. | |||||
9. | Жөнөкөй маселелер боюнча так мүнөздөмө бере алам жана жакында болгон окуяны сүрөттөй алам. | |||||
8. | Келечектеги пландарым жана каалоолорум, эс алуум жөнүндө кыскача жазып бере алам. | |||||
7. | Күндөлүк окуялар, кызматым, окуум жана жеке тажрыйбам жөнүндө кыскача баяндама жаза алам. | |||||
6. | Тааныштарым менен электрондук кат аркылуу өтүнүч, сунуш, чакыруу жана ыраазычылык жаза алам. | |||||
5. | «Үй-бүлөм», «Окуум», «Кызматым», «Досторум», «Мекеним» жана башка темалар боюнча кыскача текст түзө алам. | |||||
4. | Күн тартибимди жана жумалык иш планымды жөнөкөй сөздөр менен жаза алам. | |||||
3. | Ачык катта жөнөкөй сөздөр менен куттуктоо жаза алам. | |||||
2. | Жашаган жерим, үй-бүлөм, кызматым, окуум жана тааныштарым жөнүндө жөнөкөй сөздөрдү колдонуп кыскача кат жаза алам. | |||||
1. | Өзүм, үй-бүлөм, окуум, кызматым, өлкөм жөнүндө маалыматты колдонуп, түрдүү бланктарды толтура алам. |