КЫРГЫЗТЕСТ системасынын тааныштыруу семинары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын 2016‐жылдын 10‐мартындагы №283/1 “Жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн 2017‐жылы мамлекеттик тилден өтүүчү тестке даярдоо жөнүндөгү” буйругунун негизинде, 2016‐жылдын 30-майында Бишкек шаарынын Свердлов районунундагы мектептердин директорлоруна жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине КЫРГЫЗТЕСТ системасынын тааныштыруу семинары өткөрүлдү.

   

Иш-чаранын негизги максаты “Кыргыз Республикасында 2014‐2020‐жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө Улуттук программасынын” алкагында 2017‐жылдан баштап жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тил боюнча тапшыра турган тест тууралуу маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 17-20-майында өткөрүлгөн баамдоо тесттин жыйынтыгын талкулоо болду.
Окуучулардын мамлекеттик тилди билүүсүн жакшыртуу боюнча пикирлер айтылып, пландар макулдашылды.

Семинардын аягында катышуучуларга КЫРГЫЗТЕСТ системасынын талаптары китеп жана диск түрүндө таркатылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.К. Ниязбекова менен макулдашылган мындай семинарлар Бишкек шаарынын 4 районунда тең өткөрүлмөкчү.

You may also like...