«СҮЙЛӨӨ» СУБТЕСТИ

«СҮЙЛӨӨ» СУБТЕСТИ: ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО БАРАКЧАСЫ

С1 В2 В1 А2 А1
20. Илимий, коомдук-маданий, социалдык маселелердин өзөктүүлүгүн далилдеп, негизделген аргумент келтирип, сунуштама, корутунду чыгара алам.          
19. Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарууда тиешелүү макал-ылакаптарды кеңири колдоно алам.          
18. Массалык маалымат каражаттары чагылдырган илимий техникалык, коомдук-саясий, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелер темасында пикир алышууга катыша алам.          
17. Расмий иш-чараларда эл алдында таасир этүүчү кайрылууларды же куттуктоолорду эркин айта алам.          
16. Социалдык, кесиптик жана илимий маселелерге тиешелүү негизделген көрсөтмөлөрдү (тактоо, далилдөө) бере алам.          
15. Ар кандай темалар боюнча сүйлөшүүдө ички сезимдеримди жеткире алам. Бир нече адамдын талкуусуна катышып, кызыктуу сүйлөшүүгө аралаша алам.          
14. Талаш туудурган суроолорду чечүүдө жалпыга жеткиликтүү, таасир этүүчү аргументтерди келтирип, оюмду толук билдире алам.          
13. Маектин багытын, темасын өзгөртүп, кубаттоо, колдоо, көңүл айтуу, тыюу салуу, каршы же арсар болуу, кепилдик берүү, ынандыруу ж. б. ниеттерди ишке ашыра алам.          
12. Тааныш тема боюнча интервью берип, зарыл учурда айрым нерселер жөнүндө кененирээк айтып бере алам.          
11. Мааниси ачык көрсөтүлгөн тексттеги автордун көз карашын жана кайчылаш ой-пикирлерди талкуулоодо оюмду жөнөкөй сөздөр менен билдире алам.          
10. Күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик темаларда сүйлөшүп, көз карашымды билдире алам.          
9. Тааныш тема боюнча кыскача доклад, презентация жасап, су-
роолорго жооп бере алам.
         
8. «Кызматым», «Кесиптештерим», «Эс алуум», «Мекеним» ж. б. сыяктуу темаларда сүйлөшүп, өз ой-пикиримди жөнөкөй сөздөр менен кыскача билдире алам.          
7. Көчөдө коомдук унаа тууралуу маалымат сурап биле алам жана этикеттик кайрылууларды колдоно алам.          
6. Коомдук жайларда суроо берип, бир нерсени өз алдымча сатып ала алам жана керектүү буюмумду жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөй алам.          
5. Телефон аркылуу кыскача маалымат сурай алам жана өтүнүч, сунуш, каалоо-тилектеримди жөнөкөй сөздөр менен билдире алам.          
4. Кыргызстандын кооз жерлери, аба-ырайы, жыл мезгилдери жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен кыскача айтып бере алам.          
3. Иштеген, окуган жеримди жана аткарган кызматымды,
кесиптештеримди жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөп бере алам.
         
2. Коомдук жайларда колдонулуучу этикеттик сөздөрдү пайдаланып, убакыт, дарек ж. б жөнүндө суроо бере алам жана
ыраазычылык билдире алам.
         
1. Өзүмдү тааныштырып, белгилүү темалар боюнча суроолорго кыскача жооп бере алам жана жөнөкөй сөздөр менен маалымат сурап биле алам.