«УГУУ» СУБТЕСТИ

«УГУУ» СУБТЕСТИ:  ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО БАРАКЧАСЫ

С1 В2 В1 А2 А1
20. Илимий изилдөөлөр боюнча талкуулардын маанисин толук түшүнөм жана бүтүм чыгара алам.            
19. Теле жана радиоберүүлөрдө чагылдырылган маалыматты
(коомдук-саясый, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелерди) толук түшүнөм.
           
18. Расмий стилдеги кайрылуу жана маалыматтарды (буйрук, мыйзам, жобо) толук түшүнөм жана талкуулоого катыша алам.            
17. Көркөм чыгармалардагы туруктуу сөз айкаштарын жана
мааниси көмүскөдө берилген маалыматты толук түшүнөм.
           
16. Кызматыма байланыштуу түз эфир, видео, веб-конференцияда маалымат берген адам так, түшүнүктүү сүйлөгөн учурда,
маалыматтарды түшүнөм.
           
15. Вокзал, аэропорт, стадион ж. б. ызы-чуу (шуулдоо, дүрүлдөө) болгон коомдук жерлерде берилген ыкчам кабарлардан
керектүү маалымат ала алам.
           
14. Түрдүү фильм жана телеберүүлөрдүн жалпы маанисин түшүнөм.            
13. Туруктуу сөз айкаштарын жана оозеки кептин элементтерин камтыган диалогдорду, кыска уктурууларды жана абстракттуу темадагы маектин жалпы мазмунун түшүнөм.            
12. Күнүмдүк темаларды чагылдырган кыска көрсөтүүлөрдүн
жана радио уктуруулардын негизги мазмунун түшүнөм.
           
11. Кеңешме, жыйын, жолугушууларда талкуу, сунуш, эскертүү жана пикир алышуулардын негизги мазмунун түшүнөм.            
10. Табигый ылдамдыкта айтылган конкреттүү жана абстракттуу темалар боюнча маалыматтын негизги мазмунун түшүнөм.            
9. Мекеним, окуум, кесибим, кызматым тууралуу жөнөкөй аңгеме, маек, баяндамаларды жана суроолорду түшүнөм.            
8. Кызыктырган темалар боюнча радио жана аудиотасмадан так, тунук үн менен берилген монолог жана диалогдордун мазмунун түшүнөм.            
7. Кызматтык жана окуу чөйрөсүндө кыска, так айтылган кулактандыруу, нускама, кайрылуу жана маалыматтарды түшүнөм.            
6. Коомдук жайларда же көчөдө жөнөкөй сөздөр менен так жана жай айтылган каалоо, сунуш, талап, кеңеш жана өтүнүчтөрдү түшүнөм.            
5. Жеке чөйрөдө (өзүм, үй-бүлөм, жакындарым, туулуп-өскөн жерим жөнүндө ж. б.) жөнөкөй сөздөр менен так жана жай берилген маалыматты түшүнөм жана суроолорго жооп бере алам.            
4. Жеке, коомдук-маданий, окуу жана кесиптик чөйрөдөгү так жана жай айтылган жөнөкөй сүйлөшүүлөрдүн негизги мазмунун түшүнөм.            
3. Коомдук жайларда (дүкөн, аялдама ж. б.) так жана жай айтылган сан, аталыш, убакыт жана кыска, жөнөкөй нускамаларды, кулактандырууларды түшүнөм.            
2. Кызматыма тиешелүү терминдерди, жөнөкөй сөздөр менен айтылган өтүнүч, сунуш, талап, кыска маалымат жана телефон аркылуу кайрылууларды кайталап айткан учурда түшүнөм.            
1. Өзүм, үй-бүлөм, жакындарым, жашаган жерим, кесиптештерим, кызматтык милдеттерим боюнча так, жай жана жөнөкөй сөздөр менен айтылган кыска суроолорду түшүнө алам.