ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ: УТЖБ «КЫРГЫЗТЕСТ» – СIТО (Нидерланды)

2017-жылдын 23–25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору Нидерландынын CITO педагогикалык изилдөө улуттук институту менен биргеликте эл аралык семинар өткөрдү.
23-январда, семинардын биринчи күнүндө эл аралык эксперттерге Улуттук тест жүргүзүү борборунун жана «КЫРГЫЗТЕСТ» системасы менен кеңири тааныштыруу уюштурулду.

    

Николас Дитерендин айтуусунда, ал Астана шаарында (сентябрь, 2016-жыл) Казакстандын улуттук тест жүргүзүү борбору уюштурган эл аралык конференцияда Б. Б. Топоева-Ставинская жасаган презентациядан «КЫРГЫЗТЕСТке» кызыгуусу артып, келечекте кеңири таанышуу максаты пайда болгон. Ал максаты ишке ашып, биринчи жолу Кыргызстанга келип, бул система менен түздөн-түз таанышып тургандыгына ыраазы экендигин баса белгилеп, системанын ишин жогору баалады.

24-январда тажрыйба алмашуу уланып, Николас Дитерен CITO педагогикалык изилдөө улуттук институтунун тарыхы, иш алып баруусу, билим берүү тармагындагы эл аралык уюмдар менен кызматташуусу, билим берүү сапатын анализдөө жана баалоо тармактарындагы жетишкендиктери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Иш учурунда катышуучулар УТЖБ тарабынан ишке ашырылган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жана CITO педагогикалык изилдөө улуттук институтунун тест жүргүзүүдөгү окшоштуктарын, айырмачылыктарын, жетишкендиктерин жана көрсөткүчтөрүн кызуу талкуулашты.
Семинардын жүрүшүндө CITO институтунун дагы бир эксперти, Эстер ван Лу, чет тилдер боюнча тест жүргүзүү системасы, тесттерди иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү, баалоо жана жалпы статистикалык жыйынтыктар жөнүндө кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, эл аралык стандарттардын талабына ылайык деңгээлдерге жараша текст менен иштөө, тапшырмаларды түзүү ыкмалары тууралуу талкуу жүрдү.

     

Эстер ван Лу окуучулар үчүн жыл сайын милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү тесттердин жыйынтыктары ар тараптан терең эксперттик изилдөөдөн өткөн көрсөткүчтөрү менен кошо CITO сайтына каалоочулар үчүн ачык-айкын жайгаштырылып турарын белгиледи.

Эл аралык эксперттерге катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, жаңы ой-пикирлер жана идеялар айтылып, мындан аркы CITO менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору тууралуу жандуу талкуу жүрдү.

CITO педагогикалык изилдөө улуттук институтунун өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Г. К. Кудайбердиева менен жолугушуусунда билим берүү тармагындагы педагогикалык изилдөөлөр, билим берүүнүн сапатын баалоо жана билим берүү стандарттары боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу белгиленди.

You may also like...